17:53, 15 ноября 2019, Бишкек - uzsushi.com
24-ноябрга белгиленген Бишкек шаарынын Эски аянттындагы элдик талкуу болбой калды. Бул тууралуу uzsushi.com агентигине Элдик курултайдын өкүлдөрү билдиришти.
«Депутаттар референдум боюнча мыйзам долбоорун кароого алышыптыр. Биз парламент менен конструктивдүү диалогду улантабыз», — дейт курултайчылар.
Эскерте кетсек, Элдик курултай конституцияга өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштайт. Бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал 10 миң шайлоочунун колу менен Жогорку Кеңешке киргизилген.