15:26, 06 августа 2019, Бишкек - uzsushi.com
Бишкектеги жаңы муниципалдык автобустардын салондоруна жана кичи автобустардын 80 пайызына камералар орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул жылы Бишкекке Кытайдан алынып келинген автобустар камералар менен жабдылып келген.
«Камералар салондун борборуна жана арка тарабына орнотулду. Мындай кадам чөнтөк ууруларыннан сактанууга жардам берет. Линияга чыккан 147 троллейбустардын 87сине камералар орнотулду», -деп билдиришти мэриядан.