11:10, 10 июля 2019, Бишкек - uzsushi.com
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир тууган инисин өлтүрүүгө шектелген 14 жаштагы кызды реабилитациялык борборго алып, психологиялык жана укуктук жардам берүү жагы каралып жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ Сузактын Каңды айылында 11 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү өз үйүнөн табылган. Кийинчерек 14 жашар эжеси көрсөтмө берип, анда кылмышты мойнуна алган.
Өспүрүм кыз берген көрсөтмөсүндө иниси менен ойноп жатып, столго отургузганын, колу-бутун скотч менен байлап туруп бычак менен бир нече жолу сайып жибергенин айткан.
Далил катары алынган кийим-кече, бычак бир туугандар жашаган үйгө таандык экени далилденген.