21:10
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Чүйдө айыпталуучуларга бычак, телефон, өгөө берүүгө аракет кылгандар кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук соттук отурум залында 2 жаран айыпталуучуларга бычак, телефон, өгөө берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, райондук соттук отурумда 2017-жылдын ноябрда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качкан деп айыпталып жаткан жарандардын иши каралмак.

Соттук процесс баштала электен мурун 18-20 жаштар чамасындагы эки жаран милицияга кайрылып, соттолуучулардын биринин буюмдарын берип коюуну өтүнүшкөн. Куржундун ичин текшерүү маалында башка буюмдар менен чогуу 3 бычак, 3 темир өгөө жана 4 смартфон табылды.

Аталган окуяга тийиштиги бар 2 жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар